Бекешев имараттарды ижарага алып, 1-класстын окуучуларын ошол жакта окутууну сунуштады
Бишкек мэринин социалдык саясат боюнча орун басары Виктория Мозгачева быйыл 1- жана 2-класска баруучу балдар үчүн мектептерге бөлүнгөн квота толук колдонула электигин билдирди.
Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.
Мозгачева белгилегендей, учурда мектепке балдарды каттоо «Түндүк» системасы аркылуу ишке ашырылууда жана 1-2-класстарга балдарды кабыл алууга ар бирине 14 миңден квота берилген. Ошондой эле 1-класстарга альтернатива катары мектепке даярдоо курстарын ачуу каралып жатат.
Бекешев Бишкекте канча бала быйыл мектеп босогосун аттаарын жана алар үчүн орун канчалык деңгээлде жетиштүү экенине кызыкты.
«Бардык балдарды орун менен камсызбайбыз, биз антүүгө милдеттүүбүз. Берилген квоталар азырынча толо элек, катталгандар 54 пайызды гана түздү», – деди Мозгачева.
Бирок депутат ата-энелер ага кайрылып жатышканын, балдарына мектептен орун жетишпей, директорлор «орун жок» деп артка кайтарып жатканын билдирди. Айтымында, көпчүлүк ата-эне үйүнүн жанындагы мектептерге батпай калганына байланыштуу, иши кылса кайсы бир жерге катталып билим алсын деген ойдо, алыскы мектептерге берүүгө арасыз болушууда. Ошондой эле, депутат 1-класска окуучулар батпай калса, бала бакчаларда эле 1-класстын статусунда калтыруу идеясын сындады.
«Анда бала бакчаларда орун бошобой, кезекте турган бөбөктөр кире албай калышпайбы? Андан көрө мен силерге сунуш берет элем – имараттарды ижарага алуу жолун карагыла. Мейли, ал калк жашаган турак жай болсо дагы, имаратты ижарага алуу менен 1-класска имарат жетишпеген маселени чече алабыз», – деди.
Андан сырткары депутат Билим берүү министрлигинин билдирүүсү абдан сонун жазылганын, аны укканда баары укмуш, баары жакшыдай сезилгени менен ата-энелер кездешкен реалдуу көйгөйлөр абдан көптүгүн белгиледи.
