Ош: мэр Көкүм-Бий бала бакчасын куруп жаткан усталарга чай уюштурду
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Көкүм-Бий бала бакчасында жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Шаар башчы 280 орундуу бала бакчанын курулуш иштерин жеринде көрүп, буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын текшерип чыкты.
Андан тышкары, объектте курулуш иштерин жүргүзүп жаткан усталар үчүн чай уюштуруп, мэр алар менен чогуу дастаркон үстүндө да батыраак курулушту аяктоо тапшырмасын койду.
Белгилей кетсек, аталган №18 бала бакча 1998-жылы мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталган.
Азыркы учурда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык бала бакчанын чатырын алмаштыруу, ички бөлмөлөрдү жасалгалоо, балдар ойноочу аянтчаларын куруу иштери бүткөрүлүп, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү алдында турат.
