Ноокаттын Алмалык айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды
17 апрель

Ноокаттын Алмалык айылында 150 орундуу жаңы мектеп ачылды

Ноокат районунун Т. Зулпуев айыл аймагына караштуу Алмалык айылында бүгүн, 17-апрелде заманбап 150 орундуу жаңы орто мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Салтанаттуу ачылыш аземине облус башчысы Элчибек Жантаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Советбек Рустамбек уулу катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды билим уясынын ачылышы менен куттукташты.

Эки кабаттуу мектеп имараты заманбап билим берүүгө ылайыктап курулуп, бардык керектүү шарттар менен жабдылган. Анын ичинде билим берүүчү кабинеттер, информатика, китепкана, жана башка окуу-техникалык жабдуулар каралган.

Белгилей кетсек, мектептин курулушу 2023-жылы башталган жана бүгүнкү күндө толугу менен аяктап, окуу процессине даяр.

Имараттын жалпы тендердик баасы 65 миллион 761 миң 189 сомду түзөт.