Таштанбеков Ысык-Атада мектептерге караштуу жер тилкелерге жергиликтүү үч депутат особняк куруп алганын айтты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков Ысык-Ата районундагы бала бакча көйгөйүн көтөрдү.
Айтымында, райондо бала бакча имараттары жетиштүү, бирок көбү өз багытында колдонулбай келет.
Эске салсак, буга чейин Элдик курултайда аталган райондун тургуну район аймагында бала бакча жетишпей жатканын айтып, жаңы имараттарды куруп берүүнү мамлекеттен суранган.
А депутат жаңы имараттардын куруунун зарылчылыгы жоктугун, анткени, көп имараттар өз багытында колдонулбай, коммерциялык багытка кирип кеткенин билдирди.
«Мисалы, Красная Речка айыл аймагында бала бакчанын имараты турат, бирок ал жерде бир убактарда Тажикстандан качып келген адамдар жашашат. Көп эмес ижара акысын төлөп жашап жатышат. Ивановка айылында болсо, 2009-жылы мамлекеттин карамагына бала бакча имараты кайтарылган. Ошол бойдон турат. Эмнеге бул имараттарды пайдаланышпайт?» – деди депутат.
Ошондой эле Таштанбеков белгилегендей, район боюнча 18 бала бакча имараттары бар, алардын баары башка багыттарда колдонулуп жатат.
«Ушундай эле кырдаал мектеп имараттарына да байланыштуу. Мектептердин жанындагы 2 гектардай жерлерди жеке жактар алып коюшкан. Бир мектепке караштуу көп кабаттуу үйлөр түшкөн, алиге чейин толук микрорайон курулуп калды. Ошонун жанында жергиликтүү кеңештин үч депутаты особняк салып жатат. Бала бакча менен мектептердин имараттын, участогун каттоого алыш керек. Болбосо баары жеке жактарга берилип кетет», – деп кошумчалары депутат.
