Жаш окумуштуулар жана инноваторлор арасындагы республикалык сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурган жаш окумуштуулар жана инноваторлор арасындагы республикалык сынактын жыйынтыктары чыгарылды.
Сынактын максаты – жаштардын илимий, изилдөөчүлүк жана инновациялык аракеттерин колдоо, жаңы идеяларды жана технологиялык чечимдерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат.
Катышууга 35 жашка чейинки жарандар чакырылып, жалпысынан 77 арыз түшкөн. Алар төрт номинация боюнча каралды:
Жеңүүчүлөр
«Илимий изилдөөлөргө негизделген мыкты стартап» номинациясы
- Factory Builder AI (Оман, Марат жана Ормон Абышевдер) – жасалма интеллектке негизделген «акылдуу заводдорду» моделдөө жана оптималдаштыруу платформасы
- in vitro «Жашыл токой» (Жасмин Шербакунова, Айдана Сааданова, Айдана Сабырбек кызы) – генетикалык жактан бир тектүү карагай көчөттөрүн өстүрүү технологиясы
- FinHub.kg (Виктория Бондарева) – жасалма интеллектке негизделген каржылык сабаттуулукту өнүктүрүү платформасы
«Туруктуу өнүгүү жана жашыл технологиялар жаатындагы мыкты чечим» номинациясы
- Саадат Бейшенбекова, Канышай Асанбекова жана Жазгүл Дүйшөнбаева – жогорку түшүмдүү жана коопсуз картошка үрөндөрүн чыгаруу долбоору
- «Жашыл короо Бишкек» (Элдос Осмонов) – экологиялык жактан таза жана жашыл шаардык короо концепциясы
- «Астрономия музейи» (Анна Кашанская) – илимий билим берүү менен маданиятты айкалыштырган долбоор
«Жылдын мыкты илимий макаласы» номинациясы
- Кыргызстандагы кош бойлуу аялдардын саламаттыгына сымаптын таасири боюнча изилдөө (Айдаркен – Кара-Суу)
- Борбор Азиядагы билим берүүнүн көп маданияттуу жана инсанга багытталган ыкмалары боюнча салыштырма талдоо
- ыргызстандагы медициналык мекемелердеги инфекциялык көзөмөл системасы боюнча илимий-аналитикалык изилдөө
- «Жылдын мыкты жаш окумуштуусу» номинациясы
Миргүл Низаева – эл аралык илимий долбоорлорго активдүү катышканы жана Scopus, Web of Science журналдарындагы публикациялары үчүн - Максат Сатыбалдиев – жогорку илимий натыйжалуулугу жана монографиялык эмгеги үчүн
