Мектептеги рэкетчиликке жол жок! Билим берүү министрлиги флешмоб уюштурду
18 февраль

Мектептеги рэкетчиликке жол жок! Билим берүү министрлиги флешмоб уюштурду

Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги рэкетчиликке жол бербөө максатында флешмоб уюштурду. 

Рэкетчилик – норма эмес, аны биргеликте токтотушубуз керек! #РэкетчиликкеЖолБербейли флешмобуна кошулгула жана балдардын коопсуздугу – биздин жалпы приоритетибиз экенин көрсөткүлө.

Кантип катыша аласыңар?

  • Мектептеги профилактикалык иш-чараларды сүрөткө же видеого тарткыла.

Аларды хэштегдер менен жарыялагыла: #РэкетчиликкеЖолБербейли #БалдарБиздинКелечегибиз #Мектеп #Мугалим #Ата-эне

Рэкетчилик менен күрөшүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтып бергиле.