Ак-Суу районундагы мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү
Ысык-Кл облусунун Ак-Суу районуна караштуу З.Сооронбаева атындагы Жолколот жалпы орто билим берүү мектеби капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, оемонт иштерине фонд тарабынан 12 млн. сом каражат бөлүнгөн.
Үч кабаттан турган имараттын ички жана тышкы жасалгасы толугу менен жаныртылып, окуу бөлмөлөрүнүн ичтери ондолду.
Ошондой эле эшик, терезелери толугу менен жаңыртылды. Буга чейин окуу жайда капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Бүгүнкү күндө оңдоо иштеринин дээрлик 80% бүткөрүлүп, жаңы окуу жылынын башталышана даярдык кызуу жүрүүдө. Аталган билим берүү мекемесинде 400 ашуун бала билим алып келет.
