Нурдан Орунтаев Бишкекте курула турган 20 мектептин курулуш аянты менен таанышты
Бүгүн, 31-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттин жетекчилери менен Бишкек шаарында курула турган социалдык объектилердин долбоору жана курулуш аянты менен таанышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкекке жаңы 20 мектеп салынат. Аталган объектилер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Алсак, Октябрь районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагына жаңы мектеп курулат. Учурда курулуш аянты белгиленип, долбоордук-сметалык документтери даярдалды. Бүгүнкү күндө курулуштун алгачкы этабы башталуу алдында турат.
Белгилей кетсек, борбор калаадагы окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир нече эсеге ашат. Ага байланыштуу Курулуш министрлиги тарабынан 20 мектептин долбоордук-сметалык документтери бекитилип, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер башталды.
