ОшМПУда англис тилинде акыл таймаш өттү
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде англис тили адистигиндеги студенттер арасында интеллектуалдык “Jeopardy” оюну өткөрүлдү.
Иш-чарага окуу жайдын гуманитардык факультетинде билим алган 3-курстун студенттери катышып, сынак жаштардын билимге болгон кызыгуусун арттыруу, логикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүү максатында уюштурулган.
Мында студенттер төрт командага бөлүнүп, англис тили, англис тилдүү өлкөлөр жана логикалык суроолордон тартып, , дүйнөлүк маданиятка чейинки түрдүү темалар боюнча өз билимдерин сынашты.
Таймаштын жүрүшүндө катышуучулар тез жана так жооп берип, команда менен иштөө, өз алдынча чечим кабыл алуу жана талдоо жөндөмдөрүн көрсөтө алышты. Jeopardy форматы студенттердин интеллектуалдык активдүүлүгүн жогорулатып, биримдикти чыңдоого өбөлгө түздү.
Англис тили жана аны окутуунун усулу кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты Нургүл Кидиралиеванын айтымында, бул оюн студенттердин билимин гана текшербестен, алардын командада иштөөсүн, ылдам ой жүгүртүүсүн жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгүнүн өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүк берген.
“Англис тили адистигиндеги студенттер дүйнөлүк стандарттарга жакындап, өз мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалдарын көрсөтүп жатышат”, – деди ал.
Жыйынтыгында жеңүүчү командаларга дипломдор тапшырылып, иш-чараны уюштурган окутуучулар Мира Абыразакова жана Наргүл Бекмуратовага ыраазычылыктар айтылды.
Аталган кафедра мындай интеллектуалдык иш-чараларды өткөрүүнү салтка айландырган. Бул сыяктуу демилгелер студенттердин академиялык жетишкендиктерин бекемдеп, болочок педагогдордун кесиптик жана аналитикалык жөндөмдөрүн өрчүтүүгө зор өбөлгө түзөт.
