Баткен шаарынын алдыңкы мектептери сыйланды
30 июль

Баткен шаарынын алдыңкы мектептери сыйланды

Баткен шаарынын билим берүү тармагына кошкон салымы, жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упай топтогон окуучулары жана облустук-республикалык олимпиадалардагы жетишкендиктери үчүн шаардагы алдыңкы мектептер сыйланды. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти 

Маалыматка караганда, ЖРТдан 200дөн ашуун упай топтогон 17 окуучуну даярдаган Баткен облустук жатак мектеби билим берүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн Баткен шаарынын мэриясынан 40 миң сом акчалай сыйлык алды.

Ошондой эле ЖРТдан 200дөн ашуун упай алган 1 окуучусу жана билим сапатындагы жигердүү көрсөткүчтөрү үчүн Ленин орто мектеби 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Сыйлыкты Баткен шаарынын мэри Темирболот Абыкеев мектеп директорлоруна тапшырды.