Өзгөн районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди
11 ноябрь

Өзгөн районунда 275 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында бүгүн, 11-ноябрда 275 орунга ылайыкталган жаңы орто мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлугүнөн кабарлашты. 

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева катышып, жергиликтүү тургундарды жана окуучуларды билим уясынын ачылышы менен куттукташты.

Жаңы билим берүү мекемеси 2024-жылы башталган курулуш иштеринин жыйынтыгында заманбап талаптарга ылайык толук кандуу бүткөрүлүп, колдонууга берилди.

Эки кабаттуу мектеп спорт зал, информатика, физика жана химия кабинеттерине, китепкана, концерттик зал, ашкана жана заманбап окуу-техникалык жабдууларга ээ.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн пандус жана лифт орнотулуп, заманбап шарттар менен камсыздалган.

Объекттин жалпы курулуш баасы 176 млн 220 миң сомду түзүп, Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен курулду.

Бул жаңы мектеп аймактагы окуучулар үчүн сапаттуу билим алууга жана ыңгайлуу шарттарда окуу процессин жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.