Мирлан Дылдаев БМУнун ректору болуп дайындалды 
13 март

Мирлан Дылдаев БМУнун ректору болуп дайындалды 

К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин ректору кызматына Мирлан Дылдаев дайындалды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, ал 6 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

Белгилей кетсек, Бишкек мамлекеттик университетин 2011-жылдан бери Абдылда Мусаев жетектеп келет. Ал ушул жылдын февралында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.