Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Binance компаниясынын өкүлү менен жолукту
7 октябрь

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Binance компаниясынын өкүлү менен жолукту

7-октябрда Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Б.С. Орозов Binance компаниясынын глобалдык маркетинг боюнча директору Рейчел Конлан айым менен жолугушту.

Жолугушууда санариптик экономиканы өнүктүрүү, анын ичинде блокчейн-технологияларды жана виртуалдык активдерди колдонуу, ошондой эле санариптик сабаттуулукту жогорулатуу жана жаңы технологиялык багыттар үчүн кадрларды даярдоо маселелери талкууланды.

Министр жогорку окуу жайларында блокчейн-лабораторияларды түзүү, билим берүү программаларын ишке ашыруу жана аялдардын Web3 жана санариптик технологиялар тармагына катышуусун кеңейтүүгө багытталган «Women in Crypto» демилгесин өнүктүрүү боюнча Binance компаниясы менен кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.