Депутат Алишев Козуев ЖРТ суроолорун мектеп программасынын алкагында даярдоону сунуштады
22 апрель

Депутат Алишев Козуев ЖРТ суроолорун мектеп программасынын алкагында даярдоону сунуштады

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев 11 жыл мектепте окутулган программа ЖРТнын суроолоруна кирбей калышы ата-энелерге ашыкча түйшүк жаратып жатканын билдирди.

Ал бул боюнча шайлоочуларынан кайрылуулар келип жатканын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө 10-11-класстын окуучулары мектеп программасына көңүл бурбай, кошумча курстарга барып, тестке даярданууга аргасыз. Анткени алар 11 жыл окуган программа башка, ал эми ЖРТ суроолору такыр башка. Мүмкүнчүлүгү бар ата-эне балдарын кымбат баалуу курстарга бере алат. А бирок мүмкүнчүлүгү жетпеген же айылдарда жашагандар эмне кылат. Баарынын эле кымбат курстарга балдарын жаздырууга, айылда жашагандар райондун борборуна же шаарга жөнөтүүгө чама-чаркы жете бербейт. Коңшу өлкөлөрдө, мисалы, Россия жана Казакстанда жалпы тестирлөөнүн суроолору мектеп программасынын алкагында даярдалат”, – деди депутат.