Таластын 1-май айылында жаңы мектеп курулууда
11 ноябрь

Таластын 1-май айылында жаңы мектеп курулууда

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу 1-Май айылында наркы 74 миллион сомду түзгөн мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө ишке ашырылууда.

Имараттын жалпы аянты 1 974 чарчы метрди түзөт. Башкы долбоор боюнча мектеп 275 окуучуга ылайыкталып, эки кабаттуу окуу корпус, өтмө галерея жана спорт залды камтыйт.