Абитуриенттер 5-августка чейин Кыргызстандагы ЖОЖ жана колледждерге документтерин тапшыра алат
Кыргызстанда абитуриенттерди жогорку жана орто кесиптик окуу жайларга кабыл алуунун төртүнчү туру уланууда. Ал 3-августта башталып, 5-августта аяктайт.
Документтерди «Абитуриент Онлайн» платформасы аркылуу аралыктан тапшырууга болот. Ошондой эле тогузунчу жана он биринчи класстын бүтүрүүчүлөрүн кесиптик лицейлерге кабыл алуу башталды.
ЖОЖдорго негизги кабыл алуу өнөктүгү 13-июлда башталган. Үчүнчү тур 27-июлдан 30-июлга чейин өткөн.
Университеттерге жана колледждерге кабыл алуу негизинен Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. Искусство жана дене тарбия багыттарын тандаган абитуриенттер үчүн кошумча кирүү сынактары каралган.
Жогорку окуу жайларындагы көпчүлүк адистиктер үчүн негизги тест боюнча кеминде 110 балл талап кылынат.
Педагогикалык багыттар боюнча гранттык окууга өтүү үчүн босого балл 130 балл, контракттык негизде окууга кабыл алуу үчүн 115 балл белгиленген. Медициналык адистиктерге грантка өтүү үчүн кеминде 120 балл, контракт үчүн 110 балл талап кылынат.
Айыл чарба багыттары боюнча минималдуу көрсөткүч 100 баллды, аскердик билим берүү багыты үчүн 90 баллды түзөт. Предметтик тесттер боюнча кеминде 60 балл алуу зарыл.
Колледждерде жалпы минималдуу босого 90 баллды түзөт. Педагогикалык жана медициналык адистиктер үчүн гранттык орундарга 95 балл, контракттык орундарга 90 балл талап кылынат. Айыл чарба адистиктерине 80 баллдан баштап тапшырууга болот. Профилдик предмет боюнча минималдуу көрсөткүч 40 баллды түзөт.
I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, бала кезинен майыптыгы бар жарандар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн өзүнчө талаптар каралган. Алар үчүн ЖОЖдорго тапшырууда минималдуу босого 90 балл, колледждер үчүн 70 балл белгиленген. Жеңилдетилген шарттар медициналык жана фармацевтикалык багыттарга жайылтылбайт.
Кесиптик лицейлер курулуш, энергетика, IT, айыл чарба, транспорт, туризм, коомдук тамактануу, машина куруу, жеңил өнөр жай жана тейлөө тармактары боюнча адистиктерди сунуштайт.
ЖОЖдорго жана колледждерге тапшыруу боюнча кеңеш алуу үчүн 110 колл-борборунун номерине кайрылса болот.
