Бишкекте “мектеп 21” билим берүү долбоорунун негизинде окуу корпусу реконструкцияланууда
22 август

Бишкекте “мектеп 21” билим берүү долбоорунун негизинде окуу корпусу реконструкцияланууда

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарындагы Горький көчөсү 18 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин базасында “Мектеп 21” долбоорунун негизинде жаңы окуу корпусу катары реконструкциядан өтүп жаткан имараттын иштери менен таанышты.

Аталган объект “Мектеп 21” билим берүү долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин базасында жаңы окуу корпусу катары реконструкцияланууда.

Курулуш министри аталган объект боюнча курулуштун сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган даректеги төрт кабаттуу башкы имарат капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.

Ал эми инновацияалык мектептин корпусу эки кабаттан турат. Курулуш иштери 2025-жылдын 1-июлунда башталган.