
Кыргызстанда биринчи жолу орто кесиптик билим берүү уюмдарынын улуттук рейтинги чыгарылды
Бүгүн өлкөдө биринчи жолу орто кесиптик билим берүү уюмдарынын (ОКББ ББУ) улуттук рейтинги чыгарылып, анын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлайт.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, орто кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана башка кызыкдар тараптар катышты.
Рейтингдин максаты – орто кесиптик билим берүү мекемелеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат. Бул демилге үч этап менен 2024-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 21-майына чейин жүргүзүлгөн.
Министрликтин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исраилова рейтинг тууралуу мындай деди: “Рейтинг жүргүзүү иштери 2022-жылы министрликтин расмий планына киргизилген. Анын негизги максаты – жогорку жана орто кесиптик окуу жайларыбызды эл аралык рейтингдерге катышууга даярдоо. 2024-жылы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын биринчи улуттук рейтинги чыгарылган. Быйыл болсо көз карандысыз Аккредитация, рейтинг жана тастыктоочу институттун колдоосу менен орто кесиптик билим берүү уюмдарынын I рейтинги ишке ашырылды. Эми рейтингдин жыйынтыгына таянып, кайсы багытта өнүгүү зарылдыгын, кайсы жерден аксап жаткандыгыбызды жана жакшыртууга тийиш болгон аспекттерди аныктай алабыз”.
Рейтингге жалпысынан 54 окуу жай катышкан, алар аймактар боюнча төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Бишкек шаары – 20
Чүй облусу – 7
Ош облусу – 12
Баткен облусу – 3
Жалал-Абад облусу – 6
Ысык-Көл облусу – 4
Нарын облусу – 1
Талас облусу – 1
Алдынкы ондукка кирген ОКББ ББУлар:
Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин колледжи
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин колледжи
ОшМУнун финансы-юридикалык колледжи
И. Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ОКББ бөлүмү
Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун ОКББ бөлүмү
Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжи
Талас агрардык-экономикалык колледжи
Академик И. Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжи
Рейтингде 1-орунду ээлеген Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжинин ийгилиги тууралуу аталган университеттин ОКББ департаментинин директору Чынгызбек Мамажакып уулу төмөнкүлөрдү билдирди: “Биздин 6 колледждин үчөө биринчилердин катарына киргени кубанычтуу. Айрыкча Индустриалдык-педагогикалык колледжибиздин алдынкы орунду ээлеши – жалпы жамааттын, университеттин жетекчилигинин колдоосу менен жетишилген чоң ийгилик. Бизге берилген өзгөчө макам, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, окуу процессин жакшыртуу, өнөктөштөр менен иштешүү жана студенттердин жашоо шартын жакшыртуу сыяктуу критерийлерде жүргүзүлгөн ишибиз мына ушундай жыйынтыкка алып келди”.