Жеке мектептерге лицензия берүү автоматташтырылды, эми жеке менчик мектептер көбөйөбү?
Кыргызстанда жеке мектептерге лицензия берүү автоматташтырылды. Мындан ары жеке мектеп ачууну көздөгөндөр ар бир министрликке же мекемелелерге барып, тиешелүү документ чогултууга убакыт кетиришпейт. Анын баарын бир автоматтык тутумдан ала алышат.
Жеке мектептер ассоциациясынын жетекчиси Назира Молдобаева бул акыркы 5 жылда өлкөдөгү чоң жетишкендиктердин бири болуп калганын белгиледи.
“Агартуу министрлигинин алдында жеке мектептерди лицензиялоо боюнча чоң иш жүзөгө ашты. Эми лицензия алуу ыңгайлуу болуп калды, автоматтык түрдө берилет. Керектүү маалыматтарды министрликтин сайтында толтурабыз. ӨКМ, Санэпидемстанцияга байланышкан жана юридикалык маселелер баары бир жерден чечилет. Азыр билим берүү 12 жылдыкка өткөнүнө байланыштуу көп кесиптештерим жеке менчик мектеп ачууну ойлонуштуруп жатышкан. Анын баарына эң сонун шарт түзүлдү. Чынын айтканда, биздин өлкөдө да жумуш бюрократиясыз бүтүп калабы деп ишене албай жатканбыз. Чынында, ишке ашты”, – деди Молдобаева.
