Манас шаарында “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун жаңы имараты ачылды
Бүгүн, 30-октябрда Манас шаарында “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун үч кабаттуу жаңы имараты ачылды.
Ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Урмат Самаев, Манас шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Камчыбек Ташиев чыгармачылык борбордун жаңы мекемелүү болушу менен куттуктап, мекеме өнөрлүү балдардын өркүндөшүнө чоң өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.
Имарат 3 кабаттан туруп, 200 орунга ылайыкташкан. Мында ар багыттуу 25 ийрим боюнча 1300дөн ашуун окуучу билим алууда.
Курулуш иштери бир жыл ичинде аяктап, демөөрчүлөр тарабынан каржыланды.
