Ошто 1-сентябрга карата жаңы мектеп пайдаланууга берилет
10 май

Ошто 1-сентябрга карата жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Ош шаарында 1-сентябрга карата жаңы мектеп пайдаланууга берилет, деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, Жолон Мамытов көчөсүндөгү 1,4 гектар жери жана бүтпөй турган курулушу менен жеке тарапка өтүп кеткен имарат мэриянын балансына кайтарылып алынган. Эми бул жер билим берүү мекемеси үчүн пайдаланылат.

Курулуштун долбоору жана имараттын азыркы абалы менен жеринде бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жана КРнын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев таанышып чыгышты.

Билим ордосунун долбоору даярдалып, акча каражаты чечилген. Имарат толук оңдолуп, түзөлгөн соң 1-сентябрда пайдаланууга берүү каралган.