ОшМУда түштүк аймактагы усулчулар үчүн төрт күндүк окутуу башталды
Агартуу министрлиги
4 август

ОшМУда түштүк аймактагы усулчулар үчүн төрт күндүк окутуу башталды

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин базасында бүгүн, 4-августта түштүк аймактагы усулчулар үчүн жаңы 2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүгө арналган төрт күндүк окутуу өз ишин баштады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

7-августка чейин улана турган окутууга Ош шаарынын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын билим берүү тармагынан жалпысынан 256 усулчу катышууда.

Окутууну Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун, Кыргыз билим берүү академиясынын жана «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин методист-адистери өткөрүүдө.

Усулчулар жаңы мамлекеттик билим берүү стандарттары, окуу программалары, окуу-методикалык комплекстер жана заманбап педагогикалык технологиялар боюнча атайын даярдыктан өтүшөт. Андан соң алар өз аймактарында мугалимдер үчүн квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрүшөт. Ошондой эле усулчуларга окуу жылынын ичинде усулдук жана методикалык колдоо үзгүлтүксүз көрсөтүлүп турат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын 10–13-августунда Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун базасында Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын усулчулары үчүн да ушундай эле окутуу уюштурулат.

Окутууларды өткөрүү үчүн биринчи этапта 455 усулчу (методист) тандалып алынган. Алар буга чейин окутууларды ийгиликтүү жүргүзүп келген, окуу-методикалык мазмунду терең өздөштүргөн тажрыйбалуу тренерлердин арасынан конкурстук негизде тандалган.