Бишкекте мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасы талкууланууда
Бишкекте бүгн, 7-октябрда президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Кыргыз Республикасында 2026–2028-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы боюнча атайын жумушчу топтун отуруму өтүүдө.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиядан кабарлашкандай, жумушчу топко министрликтердин, ведомстволордун жана көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрү кирет.
Талкуунун негизги максаты – программаны ишке ашыруунун стратегиялык багыттарын аныктоо, анын концепциясын жана приоритеттерин тактоо, ошондой эле практикалык чараларды пландоо аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу болуп саналат.
