Кочкор районунда 375 орундуу жаңы мектеп курулду
13 июнь

Кочкор районунда 375 орундуу жаңы мектеп курулду

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш. Рысмендеев атындагы жаңы мектептин курулушу толук аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет. 

Маалыматка ылайык, долбоор 2022-жылдан тарта республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келген. Тендердик баасы — 119 млн сом.

Мектеп 375 окуучу орунга ылайыкталган. Долбоордо окуу класстар, лаборатория, актовый зал, ашкана, эмгек кабинети, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү жана спорттук зал каралган.

Объекттин жалпы аянты — 1 945 м².

Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет.