Лейлекте 225 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда
Баткен облусунун Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында жайгашкан Жаш-Тилек атындагы мектептин курулушу улантууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, тендердик баасы 118 млн сомду түзөт.
Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталган.
Эки кабаттуу окуу имаратында негизги класстардан тышкары лаборатория, дарыгердин кабинети, окуу залы жана спорт зал каралган. Объекттин жалпы аянты 1656 чарчы метрди түзөт.
Учурда курулуш иштери 60 пайызга бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек, эски мектеп 1974-жылы курулган.
