www
30 июнь
Балдарды кароосуз калтырбагыла — Агартуу министрлиги ата-энелерге кайрылды
Кыргызстандын Агартуу министрлиги ата-энелерге кайрылып, акыркы учурда өлкөдө балдардын сууга агып кетүүсүнө байланыштуу кайгылуу окуялар катталып жаткандыгын эске салды.
Министрлик жайкы каникул мезгилинде ата-энелерди жана мыйзамдуу өкүлдөрдү балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.
Төмөнкү коопсуздук эрежелерин сактоону өтүнөбүз:
- Балдарды кароосуз калтырбаңыздар, алардын кайда жүргөнүн дайыма көзөмөлдөңүздөр;
- Балдардын агын сууларга, каналдарга жана башка кооптуу көлмөлөргө жакындашына жана түшүүсүнө жол бербеңиздер;
- Көлгө же башка суу жайларына барганда коопсуздук эрежелерин так сактап, балдарды чоңдордун көзөмөлүсүз сууга түшүрбөңүздөр;
- Балдардын мурда барбаган тоолуу аймактарга жалгыз чыгуусуна жана белгисиз өсүмдүктөрдү, мөмөлөрдү жешине жол бербеңиздер.
