Илим министрлиги «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрүн зыярат кылды
2025-жылдын 28-июлунда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан Чүй облусунда жайгашкан Чүй жана Ысык-Ата районундагы «40 райондон 40 демилге» долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн инновациялык демилгелеринин ишке ашуусу боюнча көчмө мониторинг жүргүздү.
Маалым болгондой 2023-жылы “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында тандоодо жеңип чыккан 8 инновациялык демилге 1000000 сомго чейин каржыланган. Жеңүүчүлөрдүн бири Ысык-Ата районундагы “Ранчо агрокомплексинин ишин кеңейтүү жана “Акылдуу ферма” башкаруу системасын ишке киргизүү” долбоорунун автору Джунушев Данияр берилген акча каражатына тийиштүү жабдууларын алган.
Бул долбоор эт өндүрүү жана асыл тукум бодо малдарды көбөйтүү боюнча иштеп жаткан ферманы өнүктүрүүгө багытталган. Бодо мал жөнүндө маалыматтарды жазып алуу аркылуу “Акылдуу ферма” (GPS-трекерлер, дрон, видео көзөмөл системасы жана ПК) системасын орнотуу жолу менен бодо малдарды кароо жана тоюттандыруу боюнча Д.Джунушев маалымат берип, иш жүзүндө жабдууларынын иштешин көргөздү.
Ранчо агрокомплексинде учурда 50 бодо мал үчүн мал сарай жана тоют базасы үчүн кампа даярдалган. Бодо малды кармоонун жалпы аянты 30 сотых жерди түзүп, участогу калктуу конуштан тышкары жайыт жерлер менен курчалган. Чарбанын өндүрүштүк кубаттуулугу: айына 4-6 баш бодо мал союу. Продукциялар ассортименти: эт жана эт азыктары. Этти кайра иштетүү цехинде стейктерди чыгаруу боюнча иштер уланууда. Бул багытта жаңы технологиялар колдонулуп жатат.
Бүгүнкү күндө, дан майдалагыч жабдуусу менен тоюттарды даярдоодо, ошондой эле, вакуумдук таңгак менен даяр продукцияларды таңгактоо процесстеринин иш убактысы 3 эсеге кыскарган. Аткарылып жаткан иштен эффективдүү 30 % га көтөрүлгөн.
Долбоорду ишке ашырууда 3 жумуш орун түзүлгөн. «Ранчо Кегети» бренди азык-түлүк рыногунда таанылып, сапаттуу дыйкан өстүргөн продукция катары орун алды.
Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин кызматкерлери катышышты.
Ошондой эле, Чүй районунда жайгашкан “40 райондон 40 демилге” долбоорунун жеңүүчүсү, «Basaalam» цехинин башчысы Автандил Апитаевдин ишмердүүлүгү менен таанышуу болду.
Жеңүүчү церебралдык параличке кабылып баса албай калган балдардын басып кетүүсүнө жардам берген ортопедиялык жабдууларын өндүрүүдө каржыланган акчага жабдууларды жана материалдарды сатып алган.
Цехте жасалган ортопедиялык жабдуусу жана долбоордун алкагында сатылып алынган техникалык жабдуулары тууралуу Автандил Апитаев маалымат берди. Эки жылдын ичинде сатып алынган жабдууларын колдонуп, 72 ортопедиялык майыптарга ылайыкташтырылган тепкичтер/тирегичтер жасалган.
Буйрутмалар Кыргызстандын региондорундагы реабилитациялык борборлорунан жана жакынкы коңшу өлкө Казакстандан да алынып жатат. Долбоорду ишке ашырууда 4 киши эмгектенет. Өндүрүү процессинде бардык алынган жабдуулар менен жумуш жеңилдеген, ошондой эле, азыркы учурда ортопедиялык каражаттарды жакшыртуу жана башка түрлөрүн ойлоп табууда.
Иш-чарага Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин кызматкерлери катышышты, катышуучулар тийиштүү мониторинг жүргүздү. Иш чаранын жүрүшүндө сүрөт жана видеосъемкалар жүргүзүлдү.
