Кыргызстанда башталгыч класстын окуучуларынын тамак-ашына бөлүнүүчү каражатты 40 сомго чейин көбөйтүү пландалууда
Кыргызстанда башталгыч класстын окуучуларынын ысык тамагына бөлүнүүчү каражатты бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин келерки жылдын бюджетин талкуулоо учурунда билдирди.
Депутаттар каржылоону көбөйтүү сунушун колдошту. Ошол эле учурда мектептердеги тамак-аштын сапатын жакшыртуу зарылдыгын белгилешти. Алардын пикиринде, каражатты көбөйтүү менен катар менюну жакшыртып, жергиликтүү фермерлерден жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн сапаттуу азык-түлүк сатып алуу керек.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги мектептер үчүн жаңы меню иштеп чыккан. Анда эт, балык, жашылча жана өлкөнүн ар кайсы аймактарында өндүрүлгөн башка азык-түлүктөр камтылган.
Мындан тышкары, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн азык-түлүк сатып алуу боюнча атайын тескеме кабыл алынган. Агартуу министрлиги өнөктөштөр менен биргеликте мектептерге фермерлерден түз сатып алууларды уюштуруу боюнча окутууларды өткөрүп жатат.
Кыргызстанда мектеп окуучуларын тамак-аш менен камсыздоо боюнча улуттук программа 2006-жылдан бери иштеп келет. Алгач башталгыч класстын окуучуларына негизинен сүт кошулган чай жана токоч берилчү. 2013-жылдан тартып мектептер ысык тамак берүүгө этап-этабы менен өтө баштаган.
2019-жылы жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ал эми 2023-жылы башталгыч класстын бир окуучусуна күнүнө бөлүнүүчү каражат 7 сомдон 14 сомго чейин көбөйтүлгөн.
Бишкекте бир окуучунун тамак-ашына шаардык бюджеттен күнүнө 22 сом, Ош шаарында 15 сом бөлүнөт.
Маалыматка ылайык, учурда 1 735 мектепте, башкача айтканда, билим берүү мекемелеринин болжол менен 75 пайызында, чай менен токоч берүүдөн акысыз ысык тамак берүүгө өтүлгөн. Аны башталгыч класстын 500 миңден ашык окуучусу алат.
2027-жылга чейин Кыргызстандагы бардык мектептерди тең салмактуу жана түрдүү азыктар камтылган ысык тамак менен камсыздоо пландалууда.
