КМУда Кытай – Борбордук Азия изилдөө борбору ачылды
25 сентябрь

КМУда Кытай – Борбордук Азия изилдөө борбору ачылды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кытай – Борбордук Азия изилдөө борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу аталган жогорку окуу жайынан кабарлашты. 

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Ланчжоу университетинин өкүлдөрү, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, КМУнун Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Аталган борбор тарых эл аралык мамилелер, маданият жана билим берүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.