Оштун Жийде айылына 60 орундуу бала бакча курулууда
Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Жийде айылына 60 орундуу бала бакча курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоорду ишке ашыруу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылууда. Курулуш-монтаждоо иштери “Атай Курулуш” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Жаңы бала бакча эки кабатуу имараттан турат. Бөбөктөрдүн ыңгайлуу шартта тарбиялануусу үчүн заманбап үлгүдө бардык шарттар каралат.
Бүгүнкү күндө кулуш иштери 63 пайызга аткарылды.
