Тармактык комитетте «КРнын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору каралды
Бүгүн, 17-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйында баяндама жасаган Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева белгилегендей, мыйзам долбоору менен Улуттук илимдер академиясынын (УИА) фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдүн багыттарын координациялоо функцияларын киргизүү жана УИАнын президенти жетектеген илим чөйрөсүндөгү фундаменталдуу жана колдонмо изилдөөлөр боюнча координациялык кеңешти түзүү демилгеленүүдө.
Муну менен катар координациялоо жаңы функциясына тиешелүү УИАнын максаттарына, милдеттерине, функцияларына толуктоолор киргизилүүдө.
Ошондой эле УИАнын статусуна ылайык жана анын ишинин илим чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу негизги максатын эске алуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иштеринин илимий, илимий-техникалык натыйжаларына мониторинг жүргүзүү, баа берүү, өлкөнү социалдык-экономикалык, саясий-укуктук өнүктүрүүнүн, жаратылышты сарамжалдуу пайдалануунун жана коргоонун илимий негиздемеси, илимди жана инновацияны өнүктүрүүнүн жаңы жолдорун аныктоо, ата мекендик жана дүйнөлүк илимдин жетишкендиктерин практикада пайдалануу боюнча сунуштарды жана механизмдерди иштеп чыгуу, илимдин деңгээли жөнүндө улуттук доклад даярдоо боюнча академиянын милдеттери кеңейтилүүдө.
Талкуу маалында депутат Илимбек Кубанычбеков Кыргызстанда илим менен өнөр жайды айкалыштыруу зарылдыгын белгилесе, эл өкүлү Аида Исатбек кызы Илимдер академиясынын потенциалын жогорулатуу, илимий кызматкерлердин эмгек акысын жакшыртуу маселесин көтөрдү.
