Кыргызстандык окуучулар Алматыда өткөн математика олимпиадасында үч коло медаль жеңди
Агартуу министрлиги
18 июнь

Кыргызстандык окуучулар Алматыда өткөн математика олимпиадасында үч коло медаль жеңди

Кыргызстандын жаш математиктери профессор Шалтай Смагулов атындагы 6–7-класстардын окуучулары арасында өткөрүлгөн математика боюнча республикалык олимпиадада үч коло медаль жеңип алышты.

Агартуу министрлигинен кабарлашкандай, интеллектуалдык таймаштын жыйынтыктоочу этабы 2026-жылдын 13–14-июнунда Алматы шаарында өттү.

Аталган олимпиадага Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын окуучулары катышты. Тандоо этабына 3000ден ашуун окуучу катышып, алардын ичинен 6–7-класстардын 106 окуучусу финалдык баскычка жолдомо алган.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын ийгилиги:

• Зарылбеков Нурислам — Бишкек шаарындагы №70 мектептин 7-классынын окуучусу, коло медаль;

• Матиев Байаман — Ош шаарындагы Купуев академиясынын 7-классынын окуучусу, коло медаль;

• Сайпидинов Умар — «Акылман» президенттик лицейинин 7-классынын окуучусу, коло медаль;

• Яголковский Артём — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 7-классынын окуучусу, Ардак грамота;

• Акимов Атай — «Газпром Кыргызстан» мектебинин 6-классынын окуучусу, катышуучу;

• Анарбаев Эртуран — Бишкек шаарындагы Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектептин 6-классынын окуучусу, катышуучу;

• Канибеков Эмирхан — Бишкек шаарындагы Е. Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык № 61 мектептин 6-классынын окуучусу, катышуучу;

• Курманалиев Нурахмед — Ош шаарындагы Купуев академиясынын 5-классынын окуучусу, катышуучу.

Команданын жетекчиси — Айбар Аманов.

Команданын машыктыруучулары: Мамат Ишматов, Шумкарбек Абдураимов, Бекжол Жолдубай уулу, Айдин Асанкадыров, Нурсултан Эшперов, Назар Киргизбаев.

Кыргызстан профессор Шалтай Смагулов атындагы олимпиадага 2018-жылдан бери активдүү катышып келет.