Ошто мектеп-гимназиясынын жетекчиси 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды
29 июль

 Ошто мектеп-гимназиясынын жетекчиси 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто мектеп-гимназиясынын жетекчиси 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, УКМК С.М.Киров атындагы №4 мектеп-гимназиянын уюштуруу иштери боюнча башчысы М.Ж.К. тарабынан, У.О. аттуу жарандын уулун биринчи класска киргизгендиги үчүн 10 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап алуу фактысын аныктады.

2025-жылдын 24-июлунда аталган акча каражатын алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында М.Ж.К. кармалып, КР УКМКнын Тергөө башкармалыгына жеткирилди.

Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.