Министр болочок мугалимдер менен жолугушту
24 июнь

Министр болочок мугалимдер менен жолугушту

Бүгүн, 24-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтуна барып, азыркы учурда иштеп жаткан окутуучулар жана болочоктогу мугалимдер менен жолугушууларды өткөрдү.

Бишкек музыкалык-педагогикалык институтундагы педагогикалык багыттагы бүтүрүүчүлөр менен болгон жолугушууда министр аларды туура кесип тандоого чакырып, окуу жайдын жамаатына келечектеги мыкты мугалимдерди даярдаганы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

“Эң мыкты кесиптердин бири – мугалимдик кесип. Бул – эң акылман кесип, анткени балдарды сүйүү менен өзүңдү сүйөсүң. Башка кесиптерден айырмаланып, бул – сезимдик акыл-эстин негизинде курулган жалгыз кесип. Биз балдарга турмуш жолунда кармана турган баалуулуктарды калыптандыруубуз зарыл. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич мугалимдердин эмгек акысын татыктуу деңгээлге көтөрүп жатат. Бул колдоо – сиздердин мээнетиңиздерге жана коомубуздагы мугалимдердин ордун таанууга болгон жогорку баа. Сиздерди мектеп күтүп жатат, сиздерди улуу өзгөрүүлөр күтүп жатат, сиздерди балдар күтүп жатат, ал эми биз сиздерди күтүп жатабыз”, – деди министр.

Жолугушуунун жүрүшүндө окууда мыкты жетишкендиктерге жеткен, коомдук иштерге активдүү катышкан, жүрүм-туруму башкаларга үлгү болгон бүтүрүүчүлөр Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Ушундай эле жолугушуу И. Арабаев атындагы КМУда уланды. Ага Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин жана Борбордук Азиядагы Эл аралык университеттин педагогика багытында билим алып жаткан студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катышты.

Министр болочоктогу мугалимдер менен ачык баарлашып, аларга кесиптик кеңештерин берди.