Ноокен районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди
1 март

Ноокен районунда жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Момбеков айыл аймагынын Жаңы-Кыштак айылында курулган 75 орундуу №58 “Алтын балалык” бала бакчасынын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Бала бакча бир жыл аралыгында курулуп, райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Ага жалпы 41 млн 204 миң сомдон ашуун акча каражаты жумшалган.