Кыргызстанда мектеп окуучуларынын өздүк делолору санариптик форматка өтүүдө
24 июнь

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын өздүк делолору санариптик форматка өтүүдө

Агартуу министрлиги жаңы санариптик инструментти – окуучунун электрондук өздүк делосун (ЭӨД) ишке киргизүүдө, ал санариптик форматта окуучунун жетишкендиги жөнүндө маалыматты, социалдык жана демографиялык маалыматтарын камтыйт.

Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева кабарлагандай, ЭӨДны киргизүү билим берүү системасындагы санариптик трансформациянын логикалык уландысы болуп калды. Бул кадам документ жүгүртүүнү жөнөкөйлөтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, окуучулар тууралуу маалыматтарды чогултууга, сактоого жана пайдаланууга болгон мамилени да кескин өзгөртөт.

"Мурда папкаларда сакталган бардык кагаз түрүндөгү жеке делолор санариптештирилип жатат. Жаңы окуу жылынан баштап ар бир баланын электрондук өздүк делосу болот. Бул билим берүү траекториясын, жетишкендиктерин, ошондой эле окуучунун мектептер арасында жылышын маалыматтарды жоготпостон көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет", – деди Лира Самыкбаева.

Электрондук өздүк делодо академиялык маалымат (жетишкендиги, олимпиадаларга катышканы, тартиптик эскертүүлөр) да, маанилүү социалдык маалыматтар (баланын статусу, майыптыгынын бар экендиги, аярлуу топторго таандыктыгы ж.б.) да чагылдырылат.

ЭӨДны киргизүүнүн негизги максаттарынын бири мугалимдер менен мектептердин ишин бюрократиядан арылтуу болуп саналат. Министрликтин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө мугалимдер ар түрдүү мекемелерге – Саламаттык сактоо министрлигинен тартып райондук администрацияларга чейин – 46га жакын түрдүү отчётторду толтурушат. Отчёттордун көпчүлүк бөлүгү облустар жана райондор боюнча окуучулар тууралуу ар кандай статистикалык маалыматтарды чогултууга багытталган. ЭӨД жана мамлекеттик маалымат базаларын билим берүүнү башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу интеграциялоо маалыматты чогултууда жана отчётторду түзүүдө кайталоону жоюуга жвна жүктү азайтууга шарт түзөт.

«Мектептер жеке маалыматтардын каттоочуларына айланууда. Бирок маалыматтардын корголушу үчүн жоопкерчилик эми так жөнгө салынат. Өздүк делого жеткиликтүүлүк катуу чектелет – класс жетекчи жана директор үчүн гана жеткиликтүү болот. Мугалимдер башка уюмдар үчүн отчёт даярдашпайт. Алар тиешелүү сайттардагы ачык жекелештирилбеген статистикалык маалыматтарды колдоно алышат», – деп белгиледи министрдин орун басары.

Электрондук өздүк делолорду түзүү мамлекеттик маалымат базалары, анын ичинде Жарандык абалдын актыларын каттоо жана Мамлекеттик каттоо кызматынын системасы, менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат. Өлкөдө катталган бардык балдардын тизмесин жана мектептердеги окуучулар боюнча маалыматтарды салыштырып көргөндө билим берүү менен камтылбаган балдарды так аныктоого мүмкүн болду. Бул социалдык педагогдордун жана райондук администрациялардын мындай балдарды мектепке кайтаруу боюнча ишин жеңилдетет.

Мындан тышкары, быйыл билим берүүдөгү электрондук сервистер долбоорунун алкагында мектепке электрондук каттоо системасы жакшыртылды. Ата-энелер эми кагаз маалымкаттарды чогултпай туруп арыз бере алышат – баланын жеке идентификациялык номери гана жетиштүү.

Лира Самыкбаева эсептегендей, окуучулардын өздүк делолорун санариптештирүү ар бир бала эсепке алынган, корголгон жана өзүнүн билим берүү жолунда колдоого алынган адилеттүү, ачык-айкын жана заманбап билим берүү системасына карай маанилүү кадам болуп калмакчы.