Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль утту
10 ноябрь

Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль утту

Кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль, 2 ардак грамота жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты. 

Олимпиада 2025-жылдын 5-9-ноябрында Душанбе шаарында өтүп, ага 8 өлкөдөн 96 окуучу катышты.

Кыргызстандын командасы олимпиаданын жыйынтыгында 10 медаль жеңип, 1-орунду ээледи.

Катышкан өлкөлөрдүн жалпы жыйынтыгы:

  • Кыргызстан — 10 медаль
  • Тажикистан — 8
  • Казакстан — 8
  • Өзбекстан — 7
  • Беларус — 4
  • Түркмөнстан — 2
  • Армения жана Камбоджа — медаль жок

Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:

Математика (кенже категория, 7–8-класстар)

  • Акимов Ариет, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
  • Саят Арлан, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
  • Жаратов Нурмухаммед, ОК «Маариф» — күмүш медаль;
  • Турганбеков Артык, СОШ №61 — ардак грамота.
  • Математика (жогорку категория, 9–11-класстар)
  • Акенеев Тимур, «Газпром Кыргызстан» мектеби — коло медаль;
  • Мусаходжаев Султан, ОК «Маариф» — коло медаль;

(Тренерлер: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Аманов Айбар, Эльчибек кызы Кундуз)

  • Шакиралиев Адилет, Академия Купуева — ардак грамота;

(Тренер: Абдураимов Шумкарбек)

  • Сапарбеков Умар, лицей Жайыл Баатыра «Сапат» — катышуу.

(Тренер: Байбаев Сусарбек)

Информатика (кенже категория, 7–8-класстар)

  • Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль;
  • Бектен Абдувалиев, International School of Kyrgyzstan — коло медаль;

(Тренер: Мирбек Бакиров)

  • Айназик Жусупова, Intellect Pro School — катышуу;
  • Ырысбаев Эмир, Intellect Pro School — катышуу.

(Тренер: Медербек Осмонов)

Информатика (жогорку категория, 9–11-класстар)

  • Рамазан Мананов, Сейтек STEM мектеби — алтын медаль;
  • Али Арапов, Сейтек STEM мектеби — күмүш медаль;
  • Нурислам Карыпжанов, лицей Ч. Айтматова «Сапат» — коло медаль;

(Тренер: Кылычбек Урайымов)

  • Байыш Минбаев, Академия Купуева — катышуу.

(Тренер: Абдураимов Шумкабек)

Мындан тышкары, Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, Гран-при —Хайям кубогун, «Рубайят Хайяма» китебин жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту.

KhIMIO – бул таланттуу мектеп окуучулары үчүн илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, жаш таланттарга дем берүүгө жана математика жана информатика жаатында эл аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган инновациялык эл аралык олимпиада.