«Акылман» Президенттик лицейинин окуучусу IJSO-2025’тен коло медалга ээ болду
3 декабрь

«Акылман» Президенттик лицейинин окуучусу IJSO-2025’тен коло медалга ээ болду

Россия Федерациясынын Сочи шаарында ХХII-Эл аралык өспүрүмдөр илимий олимпиадасы (IJSO-2025) жыйынтыкталды. Престиждүү сынакка 24 өлкөдөн 125тен ашык окуучу катышты. Катышуучулар физика, химия, биология боюнча өз билимдерин сынашты. IJSO биринчи жолу “Сириус” федералдык аймагында өткөрүлдү.

Улуттук тандоонун жыйынтыгында Кыргызстандын атынан “Акылман” Президенттик лицейинин үч окуучусунан турган командасы чыкты. Биздин окуучулар Шагзада Баатырбекова (9-класс), Максатбеков Аден (9-класс), Искендеров Эмир (10-класс) өздөрүнүн терең билимин жана мыкты даярдыгын көрсөтүштү.

Жеңүүчүлөр, призёрлор жеке жана командалык таймаштын негизинде аныкталды. Жеке таймашта коло медалды “Акылман” Президенттик лицейинин 10-классынын окуучусу Эмир Искендеров жеңип алды.

«Өлкөбүздө кубаныч менен сыймыктануу үчүн дагы бир орчундуу себеп пайда болду», – деп белгилейт «Акылман» Президенттик лицейинин директору Эмиль Рыскулов.

Олимпиадаларга даярдануу татаал процесс, бирок ага карабастан окуучулар өз сабагын толук окууга да, эл аралык сынактарга катышууга да жетишүүдө. Бул билим алуу жолундагы тартиптин жана жоопкерчиликтин нак үлгүсү. Эмирдин коло медалы бул – жаңы окуу жылыбыздагы экинчи чоң жеңиш. Эске салсак, сентябрдын башында окуучубуз Аруубек Баймырзаев информатика боюнча Европа өспүрүмдөр олимпиадасында (JOI 2025) коло байгеге ээ болгон.

Бул ийгиликтердин аркасында окуучулардын талыкпаган эмгеги гана эмес, ошондой эле жогорку натыйжаларга жетишүүдө ишеним берип, даярдап, өз кесипкөйлүгүн көрсөткөн мугалимдеринин, машыктыруучулардын жана колдогон ата-энелердин да эбегейсиз салымы бар. Аларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана куттуктайбыз», – деп кошумчалады лицейдин директору.

IJSO командасынын машыктыруучулары: химия мугалими Иван Решетников жана физика мугалими Баратали Бектур («Акылман» Президенттик лицейи).

Олимпиада тууралуу

IJSO – бул 15 жашка чейинки мектеп окуучулары үчүн өткөрүлгөн бирден-бир көп дисциплинардык олимпиада. 2004-жылдан бери жыл сайын декабрь айында өткөрүлүп келет.