Депутат: Ноокат районунда мугалимдер жумушка барбайт, бирок айлык алышат
21 апрель

Депутат: Ноокат районунда мугалимдер жумушка барбайт, бирок айлык алышат

Ноокат районундагы айрым мектептердин ишинде мугалимдердин эмгек тартиби жана кадрдык дайындоолор менен байланышкан мыйзам бузуу учурлары бар. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин жыйынында депутат Жаныбек Аматов билдирди.

Анын айтымында, бир катар мектептерде жетекчилер жумушка негизинен өз туугандарын жана жакындарын гана кабыл алышууда, бул билим берүү системасындагы кадр саясатынын ачыктыгына шек жаратат.

Депутат ошондой эле жарандардан айрым мугалимдер штатта катталганына карабастан иш жүзүндө жумушка чыкпай, бирок эмгек акы алып жүргөн учурлар боюнча кайрылуулар түшүп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, мугалимдер жумушунан айрылып калуудан коркуп, бул көйгөй тууралуу ачык айта алышпайт.

Жаныбек Аматов мындай фактыларды Ноокат районунда гана эмес, өлкө боюнча системалуу түрдө талдап чыгуу зарылдыгын белгилеп, Билим берүү министрлигин масштабдуу мониторинг жүргүзүүгө чакырды.

Буга жооп катары Билим берүү министринин орун басары Муктарбек Баймурзаев министрликте мугалимдерди, алардын жүктөмүн жана сабактардын графигин каттаган «АИС Мугалим» жана «Күндөлүк» автоматташтырылган системалары иштеп жатканын билдирди. Ал конкреттүү фактылар расмий түрдө берилсе, министрлик аларды кароого даяр экенин айтты.

Ведомство маалыматтар белгиленген тартипте текшерилерин кошумчалады.