Курулуш министрлиги
14 май
Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу мектеп салынууда
Ош шаарындагы Ак-Буура жаңы конушуна 800 орундуу заманбап мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.
Долбоор мамлекеттик казынанын эсебинен ишке ашырылып, курулушту жыл аягына чейин толук бүткөрүү пландалууда.
Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 8339 чарчы метрди түзүп, имарат 3 кабаттуу жана 5 блоктон турат.
Учурда курулуш иштери кызуу жүрүп, объект белгиленген графикке ылайык курулууда. Аткарылып жаткан иштердин ар бир этабы тиешелүү департаменттер тарабынан текшерилип, сапатына көзөмөл жүргүзүлүүдө.
