Кыргызстан Франция менен билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн, 28-февралда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жолугушууда билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.
Кыргызстанда француз тилин өнүктүрүү, ошондой эле кыргыз жана француз ЖОЖдорунун ортосундагы академиялык кызматташтыкты Erasmus программасы аркылуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Д. Кендирбаева Франция менен билим берүү тармагында кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, француз тили боюнча онлайн курстарды уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде элчи Николя Фай кыргызстандык студенттер жана окутуучулар үчүн стипендия жана гранттык программалар аркылуу өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
Франция тарап министрликтин өкүлдөрүн элчиликтин колдоосунда өтө турган билим берүү чөйрөсүндөгү маданий долбоорлорду ишке ашырууга, анын ичинде санариптик чыгармачылык жаатында кыргыз-француз кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган видео оюндарга жана санариптик искусствого арналган GameCon 2025 иш-чарасына катышууга чакырды.
Тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары чыңдоого жана билим берүү жаатындагы жаңы демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин тастыкташты.
