«Кыргыз тили» окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн авторлорду тандоо сынагы кайра жарыяланды
10 февраль

«Кыргыз тили» окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн авторлорду тандоо сынагы кайра жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү мамлекеттик мекемеси жалпы билим берүү уюмдары үчүн кыргыз тили предмети боюнча (эне тил жана экинчи тил катары) окуу китептерин иштеп чыгууга авторлорду жана иштеп чыгуучуларды тандоо максатында ачык сынакты кайрадан жарыялайт.

Сынак мектептик окуу китептеринин мазмунун жаңылоо жана 12 жылдык билим берүү моделине өтүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлөт.

Сынакка кимдер катыша алат:

● мектептердин, жогорку окуу жайлардын жана колледждердин окутуучулары;
● педагогика жана филология багытындагы методисттер, изилдөөчүлөр жана тармактык адистер;
● окуу китептерин жана окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгууда тажрыйбасы бар авторлор;
● окутуунун заманбап ыкмаларын колдонгон жаш педагогдор.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү:

10-28-февраль, 2026-жыл.
Арыздар kitepkura.edu.kg сайты аркылуу онлайн кабыл алынат.