Сузак районунда 750 орундуу мектептин курулушу аяктап калды
Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында жайгашкан Н.Алыкулов атындагы №71 жалпы билим берүүчү мектебинин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө.
Облустук өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, 16-июлда аталган курулуш иштери менен облус башчысы Тилек Текебаев жеринде таанышып чыкты.
Жалпы 750 окуучуга ылайыкташкан заманбап мектептин пайдаланууга берилүүсү быйылкы Эгемендүүлүк майрамынын алкагында пландалууда. Мектептин эски имараты техникалык жактан эскиргендиктен, учурда анын ордуна жаңы билим берүү жайы курулууда.
Облус башчысы Тилек Текебаев курулуштун сапаттуу жүрүшүн камсыздоо менен катар, иштерди белгиленген мөөнөткө чейин ылдам жана так бүткөрүү зарылдыгын эскертти.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланууда.
