Ноокен районунда 31-августта пайдаланууга берилүүчү эки мектептин курулушу жүрүүдө
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев 28-июлда Ноокен районунун Д. Садырбаев айыл аймагында ушул жылдын 31-августунда пайдаланууга берилүүчү эки мектептин курулуш иштери менен таанышты.
Алгач өкүл Бирдик айылындагы №27 Бирдик орто мектебинин курулушу менен таанышты. Аталган мектеп 275 орунга ылайыкташтырылып, республикалык бюджеттен 73 млн сом бөлүнгөн. Учурда жумуштардын 95 пайызы аяктаган.
Мындан тышкары, Тилек Текебаев Д. Садырбаев айыл аймагынын Арал айылындагы №43 Ак-Жол негизги мектебинин курулушун да көрүп чыкты. Билим берүү мекемеси 150 орунга ылайыкташтырылып, курулуш иштери соңуна чыгуу алдында турат.
Облус башчысы курулуш иштерин сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү жана бардык курулуш эрежелерин так сактоону тапшырды.
