Жамангулов: Санариптик технологиялар ар бир адам үчүн ыңгайлуу болушу керек
Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жамангулов III Digital Kyrgyzstan Эл аралык ПЛАС-форумунда сөз сүйлөп, санариптик мамлекеттик кызматтардын өнүгүшү жана жарандар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди.
"Биздин максатыбыз - санариптик технологияны жөнөкөй, ыңгайлуу жана баарына жеткиликтүү кылуу. Бүгүнкү күндө биз жарандар мамлекеттик кызматтарды тез, коопсуз жана жеңил алышы үчүн иштеп жатабыз", - деп белгиледи министр.
Кыргызстанда санариптик трансформация уланууда жана технологиялар жарандардын кызыкчылыгында чындап иштеши үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы чечимдерди жигердүү киргизүүдө.
