Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген  бала бакча мамлекетке кайтарылды
Башкы прокуратура
29 июнь

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекетке кайтарылды

Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында жайгашкан бала бакчанын имараты жана ага тиешелүү болгон жер тилкеси 1992-жылы мыйзамсыз жеке менчикке берилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында 20 миллион сомго бааланган жогоруда аталган бала бакчанын имараты жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.