Айтматов районунда орун алган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштер козголду
23 июнь

Айтматов районунда орун алган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иштер козголду

Талас облусунун Айтматов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Аманбаев айыл өкмөтүндө жайгашкан Р.Шүкүрбеков жана Э.Эсенаманов атындагы орто мектептеринде курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле Шекер айыл өкмөтүндө жайгашкан Ч.Айтматов атындагы үй-музейдин курулушунда, мыйзам бузууларга жол берилип, мамлекетке 1 миллион 700 миң сомдон ашык зыян келтиргендиги аныкталган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, материалдар Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн өткөрүлүп берилди.