Окуучулар “Жаш изилдөөчүлөр илимий лагеринин” катышат
28 июль

Окуучулар “Жаш изилдөөчүлөр илимий лагеринин” катышат

2025-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” Эл аралык университетинде “Жаш изилдөөчүлөр илимий лагеринин” катышуучулары менен жолугушуу өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, лагердин маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул лагерь – кадимки жайкы эс алуу лагери гана эмес, жаштар менен илимдин жолугушкан аянтчасы, чыгармачылыктын очогу жана экологиялык аң-сезимдин калыптанышына өбөлгө болгон уникалдуу платформа.

“Жаш изилдөөчүлөр лагери” 2025-жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин өтө турган эки жумалык илимий-агартуучулук билим берүү программасы болуп саналат.

Ага өлкөнүн бардык облустарынан, шаар жана айыл аймактарынан тандалып алынган 9–11-класстын бүтүрүүчүсү болгон 24 мыкты окуучу катышууда. Программанын негизги темасы – айлана-чөйрөнүн булгануусу жана экологиялык көйгөйлөр.

Лагерь Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, “Маариф” фонду, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, Эл аралык “Ала-Тоо” университети жана Улуттук илимдер академиясы тарабынан биргелешип уюштурулду.

Катышуучулар лабораториялык иштерди жана талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, илимий макала даярдашат. Программа соңунда ар бир катышуучу өз ишин симпозиум форматында коргойт.

Лагердин максаты – мектеп окуучуларынын илимге болгон кызыгуусун арттыруу, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана аналитикалык-практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.

Иш-чаранын соңунда уюштуруучуларга, окуучуларга эсте каларлык белектер тапшырылып, “Ала-Тоо” Эл аралык университети боюнча экскурсия уюштурулду.