Базар-Коргон районунда жаңы бала бакча курулууда 
28 июль

Базар-Коргон районунда жаңы бала бакча курулууда 

Базар-Коргон районунун 1-Май айылында жаңы бала бакча курулууда. Ал 45 орунга ылайыкталган. 

Бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. 

Бала бакчанын курулушу 2024-жылдын 26-июнунда башталган.

Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 34 миллион 952 миң сомду түзөт. Бала бакчаны ушул жылдын 31-август күнү пайдаланууга берүү пландалган.

Облус башчысы курулуштун сапатына өзгөчө көңүл буруп, иштин белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүлүшүн камсыздоону тапшырды.