Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өттү
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги
26 ноябрь

Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өттү

Бугүн, 2026-жылдын 26-ноябрында академик Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде көрүнүктүү тилчи, лексикограф, агартуучу, академик Кусеин Карасаевдин 125 жылдыгына арналган «Уңгужол доктринасы жана К. Карасаевдин илимий-агартуучулук мурасы: өткөндөн келечекке» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен кабарлашты.

Иш-чаранын максаты – залкар окумуштуунун кыргыз тил илимине, лексикографияга жана улуттук маданиятка кошкон зор салымын терең талдоо, илимий мурасын кеңири жайылтуу жана анын бүгүнкү коомдогу маанисин аныктоо болду.

Конференцияга мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы М. Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Кытай жана Башкортостан өлкөлөрүнүн илимий-билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү онлайн жана офлайн форматта катышты.

Иш-чаранын алкагында академик Кусеин Карасаевдин эстелигине гүл коюлуп, окумуштуунун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган даректүү фильм көрсөтүлдү.

Ошондой эле анын илимий мурасына арналган көргөзмө уюштурулуп, кыргыз тилинин өнүгүшү, улуттук маданият жана заманбап билим берүүнүн актуалдуу маселелери боюнча баяндамалар жасалды.

Конференциянын жүрүшүндө академик Кусеин Карасаев медалы тапшырылып, Бишкек мамлекеттик университетинин студенттери жана Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин катышуусунда маданий программа тартууланды.

Эл аралык конференция залкар окумуштуунун бай илимий мурасын даңазалоого, кыргыз тил илиминин өнүгүшүнө жана эл аралык илимий байланыштарды бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чара болду.